"Оймо-2017" фестивалы башталды (фоторепортаж)

27-Июль 2017, Бейшемби

Бүгүн Бишкекте Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү кол өнөрчүлөрдүн эл аралык XII “Оймо-2017” фестивалы башталды. Фестиваль 27-30-июлга чейин болот. Иш-чаранын алкагында ар кайсы мамлекеттин 120га жакын кол өнөрчүсү өз буюмдарын эл назарына тартуулашууда.


Фестиваль Бишкекте башталып, Ысык-Көлдө аяктайт.

Иш-чара кыргызстандык кол өнөрчүлөрдүн рыногун кеңейтүү, каада-салтты сактоо, кереметтүү Ысык-Көлдү экологиялык жактан таза эл аралык туризм аймагына айландырууну көздөйт.

Эл аралык фестивалдын алкагында кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар өткөрүлөт, дизайнерлердин мода көрсөтүүсү болуп, жаш сүрөтчү жана акындардын арасында сынак жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, экологиялык акциялар жүрүп, ырчы-чоорчулар өз өнөрлөрүн тартуулайт.

Уюштуруучулардын билдирүүсүнө таянсак, фестиваль 27-30-июлга чейин ордо калаанын "Ала-Тоо" кинотеатрынын аймагында болот.

Ал эми 1-6-август күндөрү Чолпон-Ата шаарынын борбордук аянтында уланат.


Салтка айланган фестиваль жыйыл сайын өтүп келет. Алгачкы жолу иш-чара 2006-жылы өткөрүлгөн.

Фестивалда коңшу мамлекеттердин кол өнөрчүлөрү тарабынан даярдалган эмгектер дагы бар.

Идиш аяктардын түрү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!