Эки эс алуу жайынын мончосу жабылды

4-Авг. 2017, Жума

Экологиялык техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын инспекторлору тарабынан Ысык-Көл районундагы “Аврора” жана “Бакыт” эс алуучу жайларынын жээгинде жайгашкан мончолордун ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирет.

"Аталган мончолор эч кандай уруксат кагаздары жок мыйзамсыз иштетилип баштаган. Тагыраак айтканда экологиянын тазалыгын булганычка алып келүү коркунучун түзгөн. Аталган мончолордун ишмердүүлүгү Мамэкотехинспекция тарабынан токтотулуп, 19-августка чейин мончолорду алуу үчүн эскертме кагаздары берилди",-деп айытылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин мындай көрүнүштөр аталган райондо бир нече жолу катталган, алардын ээлерине айлана-чөйрөгө зыян келтиргендиги үчүн административдик айып салынып,эскертмелер берилген. Ошондой эле, көл жээктерине мончолорду курууга тыйуу салынат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!