Ажылар Мединадан Меккеге сапар алды

10-Авг. 2017, Бейшемби

Бишкек-Медина багыты боюнча 7-августта Манас Эл аралык аэропортунан учуп кеткен 300 ажы 6 ажы башчынын коштоосунда бүгүн, 10-августта Мекке шаарына жөнөп кетишти. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы билдирет.

Ажылар 2015-жылы чыгарылган заманбап автобустар менен сапар алышып, ыйык Мекке шаарынын Даур Кудей районундагы 8 мейманканага жайгашышат.

«Ажыларыбызды тосуп алууга даярдыктарды көрүп турган мезгилибиз. Бизге бөлүнгөн мейманкана ыйык Харам мечитине абдан жакын жайгашкан. Ажыларыбыз ыйык Харам мечитине жөө басып барышып, өздөрүнүн тавафтарын, зыяраттарын кылышса болот. Ал эми Кыргызстандык ажыларга бөлүнгөн мейманканалардын ар биринде аба муздаткычтар орнотулуп, бардык шарттар каралган. Ал эми ажыларыбыз аср намазына чукул келип калышарын эске алып, биздин ашпозчулар алар үчүн ысык тамактарды даярдап коюшту»,-деди жеринде КМДБнын аппарат жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев.

Ыйык Мекке шаарынан Кыргызстандык ажылар үчүн 8 мейманкана берилип, алардын ар биринде бардык шарттар каралган. Ошондой эле ар бир мейманканада атайын муздаткычтар орнотулуп, муздак суулар менен камсыздалмакчы. Ал эми Кыргызстандык ажылар үчүн Мекке шаарынан 2 медпункт иштеп, мекендештерибиздин саламаттыгына көзөмөл жүргүзүшмөкчү.

«Быйылкы жылы Кыргызстандык ажылар үчүн 2 медпункт кызмат кылып, ажыларыбыздын ден-соолуктарына кам көрүшмөкчү. Учурда 1 медпункт ишке кирип, тиешелүү жабдыктар менен камсыздалды. Ал эми КРдин саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бөлүнгөн 13 дарыгерди 8 мейманканага бөлүп жайгаштыралык деп жатабыз. Себеби, дарыгерлер мейманканалардан эле алгачкы жардамдарды көрсөтүп, ажыларыбыздын саламаттыктарына 24 саат көз салып турат деген ишеничтебиз»,-деди Абибилла ажы Кадырбердиев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!