Баткенде курулуштар буздурулуп жатат

11-Авг. 2017, Жума

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына караштуу Гагарин көчөсүндөгү мыйзамсыз курулуштар буздурулуп жатат. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инпсекциянын маалымат кызматы билдирди.


"Гагарин көчөсүндөгү айрым үй ээлери өз алдынча, мыйзамсыз жөө жүрүүчүлөр өтчү жолго курулуштарды жүргүзүп, ири жолду тороп алышкан. Мамэкотехинспекциянын инспекторлору мыйзамсыз иштерди жеринде аныктап, курулуштарды буздуруу боюнча акты, протоколдорду толтурушкан",-деп айтылат маалыматта.

Учурда Мамэкотехинспекциянын койгон талаптары аткарылып, бүгүнкү күндө Гагарин көчөсүндө жайгашкан мыйзамсыз курулуштарды буздуруу иштери аяктап калды. Буздуруу чечиминин аткарылышын жеринде Мамэкотехинспекциясынын архитектура жана курулуш башкармалыгынын башкы инспектору Залкар Эралиев көзөмөлдөп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!