Кытай кыргыз студенттерге виза бере баштайт

11-Авг. 2017, Жума

Кытайга окууга бара турган студенттерге виза берүү иши жанданды.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдиргендей, ТИМ менен Кытай элчилиги виза алууга бир айлык мөөнөт берүүнү макулдашкан.

Ага ылайык, Кытайга барып окуй турган жаштар 14-августтан 15-сентябрга чейин аптасына үч күн: дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү саат 15:00дөн 16:00гө чейин виза алууга документ тапшырууга болот.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын 30-августа Кытай элчилигинин жанындагы жардыруудан кийин элчилик виза берүүнү токтоткон эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!