Өрт коопсуздугуна эскертүү беришти

11-Авг. 2017, Жума

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кара-Суу борбордук базарында өрткө каршы жана алдын алуу боюнча машыгуу өткөрүлдү. Ага Экологиялык техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциянын инспекторлору жана тийиштүү мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери катышты. Бул тууралуу инспекциянын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чаранын негизги максаты өрттү алдын алуу, болтурбоо жана өрт учурунда кандай кыймыл аракеттерди жасоо керек экендигин калк арасында түшүндүрүү. Бүгүнкү күндө Кара-Суу базарында өрт маселеси өтө олуттуу, себеби унаалар өтчү жолдор соодагерлер тарабынан торолуп калган. Мындай көрүнүш өрт өчүрүүдө тоскоолдуктарды жаратат, натыйжада арты өкүнүчтүү кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Ошондой эле тез тамактануучу жайларда колдонулуп жаткан газ баллондор дагы текшерүүгө алынды. Ал эми техникалык талаптарга жана өрт коопсуздугуна жооп бербеген жайларга кыска мөөнөт ичинде кемчиликтерди жоюу талабы коюлду. Бул багытта Мамэкотехинспекциянын инспекторлору түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ар бир жаран коопсуздук эрежелерин сакташ экендигин эскертет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!