12 жаштагы баланы өлүмдөн алып калышты

14-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Куткаруучулар Комсомол көлүнө чөгүп жаткан баланы куткарып калышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алардын маалыматты боюнча, 13-август күнү саат 13:30да ӨКМнын Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Комсомол көлүнө чөгүп жаткан 2005-жылы туулган баланы куткарышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!