​Нарында “Нукура фест” фестивалы өтөт

14-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Нарын облусунда кыргыздын маданиятын чагылдырган “Нукура фест” туристтик этно фестивалы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматынан билдирди.

Фестиваль 16-сентябрда Нарын шаарынын 149 жылдыгына карата туристтик сезондун аякташына арналат.

"Бул фестиваль Нарын шаарында кыргызстандыктар менен чет элдик туристтерди тартып, жергиликтүү каада-салт менен тааныштырууну көздөйт. Маданий иш-чаранын алкагында тушоо кесүү, бешикке салуу сыяктуу салттар көрсөтүлөт. Ошондой эле улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү уюштурулуп, уздар дагы өз эмгектерин көрсөтөт",-деп айтылат маалыматта.

Фестивалдын катышуучуларына “Таш-Рабат”, “Кошой коргон” сыяктуу тарыхый жерлерге тур уюштурулат. Мындан арыда иш-чаранын жыл сайын өткөрүү колго алынмакчы.

Фестиваль Нарын шаарынын мэриясы, USAIDдин бизнести өнүктүрүү демилгесинин алкагында, туристтик агенттиктердин демилгеси жана Туризм департаментинин колдоосу менен өтүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!