Эс алууга барып жубайын өлтүрүп салды

15-Авг. 2017, Шейшемби

Бишкек шаарынын тургуну жубайы менен Ысык-Көлгө эс алганы барып, ал жактан түгөйлөрдүн ортосундагы пикир келишпестиктен күйөөсү аялын өлтүрүп салган. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 11-август күнү Бишкек шаарынын 49 жаштагы тургуну 36 жаштагы аялы менен көлгө эс алуу максатында Ысык-Көл облусунун Тамчы айылына келишкен.

Кылмышка шектүүнүн айтымында, 12-август күнү кечинде ортодон чыккан чырдан улам мас абалда аялын муунтуп, өлтүрүп алган.

“Кылмышкер 13-август күнү үйдүн ижарасын дагы бир күнгө узартып, өзү Бишкек шаарына барып, милицияга окуяны айтып берген. Анын негизинде милиция кызматкерлери тарабынан көрсөтүлгөн турак жай текшерилген учурда аялдын сөөгү табылган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда ага Кылмыш-жаза кодексинин “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!