Оор турмушта жашагандардын үйү акысыз жылууланууда

15-Авг. 2017, Шейшемби

Ушул күндөрү Чүй облусунун аймагында, аялуу катмардагы адамдардын үйүн кышка карата жылуулап берип, айыл жеринде жашыл экономиканы жайылтуу саясатын жүргүзгөн долбоор иштөөдө. Бул тууралуу Zaman.kg маалымат агенттигине Хельветас Свисс Интеркооперейшн - Швейцариянын өнүгүү боюнча кызматташтык уюмунан билдиришти.

Маалыматка караганда, долбоордун артыкчылыгы - колунда жок, жакыр жашаган, жетим, жесир, майып, мүмкүнчүлүгү чектелген, оор турмушта жашаган үй-бүлөлөргө жардам берүү.

“Жылуулукту көпкө сактай турган энергоэффективдүү каражаттар деп канчалык кооз сүйлөбөйлү, ушул нерсе эң биринчи муктаж болуп турган аялуу катмардагы адамдарга жетпесе бул багыттагы саясат терең жайылбайт. Ал эми жакыр жашаган адамдар - үйүн жылуулап алмак турсун, тамак-ашына тыйынын араң жеткирип, өп-чап жашап жатканы чындык. Буга кошумча долбоор ошол айылдагы жумушсуз жүргөн, бирок курулушка шыгы бар 15ке жакын жаштарды чогултуп, үйдү энергоэффективдүү каражаттар менен жылуулоону акысыз үйрөтүүдө»,-деп айтылат маалыматта.


Ишти аткарып жаткан "Курулуштагы жашыл шыктарга окутуу" долбоорунун менеджери Жаныбек Пакыровдун айтымында, долбоор муну менен айылдагы эки чоң маселени чечип кетүүдө. Биринчиден - аялуу катмардагы адамдардын үйү жылууланып, кышкысын кыйналышпайт. Андан тышкары жылууланган үй электр энергиясын да, көмүрдү, отунду да 50% аз сарптап, айылда жашаган башка тургундарга үлгү болууда. Экинчи бир жагынан айылда жумушсуз жүргөн бош жаштарды бир кызыкчылыкка бириктирип, аларды профессиналдык деңгээлдеги кесипке үйрөтүп, үй-бүлөсүн багып, нан таап кеткидей жакшы шарт түзүп берүүдө.

Үйдү жылытуучу адис Максат Карасартов: "Долбоордун арты менен айылыбызга ынтымак келди "

"Бизге ушул долбоордун аркасы менен айылыбызга ынтымак келди. Себеп дегенде мурда курулушту билген усталар ар ким өз алдынча иштеп бирибиз менен экинчибиз сүйлөшпөйт элек. Бири билгенин экинчисинен кызганып айтпай "секрет" көрөт элек. Анан үйдү жылуулоого келгенде ушул айылдагы мечиттеги жамаат бардыгыбыз атайын барып үйрөндүк. Айылдагы мен курулушту, устачылыкты билем дегендин бары чогулуп, жаңы нерсени да үйрөнүп, эски тажрыйбаларды дагы үйрөнүп эң сонун иштедик. Азыр бардыгыбыз өз ара байланышыбызды жакшыртып, колдон келишинче колдоп калдык",-дейт Максат Карасартов.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!