​Медреселерде кесип үйрөткөн окуулар өтүүдө

15-Авг. 2017, Шейшемби

Ош, Жалал-Абад жана Баткен дубандарындагы үч медреседе билим алып жаткан жаштарга ашпозчу-кондитер, тигүүчү, компьютерде иштеген кесипкөй адис сыяктуу кошумча кесиптер окутула баштады. Бул тууралуу “АВЕП” коомдук фонду Zaman.kg маалымат агенттигине билдирди.

Кесипке үйрөтүүдө аймактагы тандалып алган медреселер зарыл болгон шарттар менен камсыздалып, жаңы жабдуулар менен жабдылды.

“Медресе жаштарынан тышкары айылдык жаштар, мектеп окуучулары же ушул кесипти үйрөнөм деген айыл тургундары болобу тизмеге жазылып кезек менен окуй беришсе болот. Эч кимге каршылык жок. Долбоорду Кыргызстандагы АКШнын элчилиги каржылап, кесип үйрөнүүгө зарыл болгон жаңы шаймандар менен жабдууларды 550 миң сомдон ашык каражатка сатып берди. Долбоор социалдык максатты көздөп, жаштарды иш менен камсыз кылуу, алардын кирешесин көбөйтүүнү колдогондуктан бул кесиптерди үйрөнөм дегендерге чектөө жок. Бир эле медресенин тарбиялануучулары эмес жакын жайгашкан мектептердин, медреселердин жана башка билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү да келип окуса болоорун окутуучулар билдирет. Долбоорду “АВЕП” коомдук фонду ишке ашырууда”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, медреселерди бүткөн жаштар окууну бүткөндүгү тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү аттестат албайт. Мындан улам ар кандай кыйынчылыктарга туш болуп, жумуш менен киреше булагы жоктугунан айрымдары диний-экстремисттик агымдардын азгырыгына да жетеленип кетиши мүмкүн. Мындан улам дин жолундагы жаштарды кесипке үйрөтүп, жумуш менен камсыз кылуу демилгеси диний окуу жайлар тарабынан жакшы кабыл алынууда. Мындай долбоор мурда Чүй облусунда дагы ишке ашып, медреселерде окуган 400дөй бала кесипке ээ болуп, сертификат алышкан. Азыр ошол сертификат алгандардын 65 пайызы жумуш менен камсыз болуп, үй-бүлөсүн багышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!