15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды

15-Авг. 2017, Шейшемби

Чоң Чүй каналына агып кеткен 15 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май районунда 9-август күнү Аскер институтунун жанынан агып өткөн Чоң Чүй каналына 15 жаштагы эркек бала агып кеткен. 14-августу күнү ӨКМнын Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун куткаруучулары издөө иштерин натыйжасында табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда 13-август күнү саат 10:45те ӨКМнын Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары жогоруда аталган каналдан европа улутундагы 40-45 чамасындагы аялдын сөөгүн чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Андан мурдараак 6-август күнү эртең менен ушул эле каналдан белгисиз эркек адамдын сөөгүн табышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!