​Жалал-Абад шаарында алты көчө оңдолот

16-Авг. 2017, Шаршемби

Мамлекеттик бюджеттин эсебинен Жалал-Абад шаарындагы борбордук алты көчөдө асфальт бастыруу иштери жүрөт. Бул тууралуу шаар мэриясынын курулуш жана транспорт секторунун башчысы Миргүл Эгемова билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылы шаардык кеңештин депутаттары сессияга чогулбай, шаар бюджети бекитилбеген себептүү мэрия тарабынан жолдорду оңдоп-түзөөгө каражат жагынан көмөк көрсөтүү боюнча өкмөткө сунуш берилген. Жакынкы күндөрү шаардагы Курулуш, Токтогул, Октябрь жана башка дагы ушундай эле үч көчөдө мамлекеттик бюджеттин эсебинен асфальттоо иштери башталат. Жолдорду оңдоонун жалпы сметасы 64 миллион 149 миң 211 сомду түзгөн.

“Ага карата өлкөнүн Транспорт жана жолдор министирлиги Жалал-Абад-Балыкчы автомобиль жолдорунун башкармалыгынын №52 жол тейлөө мекемеси тарабынан жол куруучу компаниялар арасында тендер өткөрүлүп, жыйынтыгында тендерден өткөн куруучу компаниялар тарабынан аталган алты көчөдө оңдоп-түзөө жумуштары бир убакытта башталып, 31-августта белгиленүүчү Эгемендүүлүк күнүнө аяктоо пландалууда”, - дейт Эгемова.

Эскерте кетсек, быйылкы Жалал-Абад шаарынын мэриясы шаардагы бардык көчөлөрдү асфальттап чыгууну көздөгөн, бирок шаардык кеңештин депутаттары сессияга чогула алышпаган себептүү шаар бюджетин бекитүү кечеңдеп, пландалган иштерге каражат бөлүнбөй калган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!