​Ушаков: “Ак илбирс үчүн аңчылыкты тыюу керек”

16-Авг. 2017, Шаршемби

Ак илбирти коргош үчүн аңчылыкка тыюу салуу керек. Мындай пикирди «Ак илбирстин изи менен» долбоорунун автору Владислав Ушаков бүгүн, 16-августта Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жоголуп бара жаткан жаныбарларды коргоого алууда аңчылыкка тыюу салуу үчүн майзам кабыл алуу керек.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында учурда 300гө жакын илбирс бар экени айтылып келет. А бирок чынында 100дүн тегерегинде болушу мүмкүн. Анткени аңчылыктын кесепетинен илбирстин саны кыскарууда. Илбирстин санын көбөйтүү үчүн аны азыктандыруу базасын кеңейтишибиз керек. Башкача айтканда, сейрек кездешүүчү аркар, текелерге болгон аңчылыкка тыюу сала турган мыйзамды күчтөндүрсө бул маселе чечилиши мүмкүн. Тилекке каршы, бул жаатта иштер аткарылбай келет”,-деди ал.

Белгилей кетсек, 23-25-август күндөрү Кыргызстанда ак илбирсти коргоого алган форум болмокчу. Ага 12 мамлекеттин башчылары, эл аралык уюмдар, жаратылышты коргоо боюнча илимий мекемелер жана башка өлкөлөрдөн өкүлдөр катышат.

Учурда жер жүзүндө 7 миңге жакын гана ак илбирс калган. Анын 200дүн тегерегинде Кыргызстандагы бийик тоолорунда байырлайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!