Суусамыр суусуна мазут төгүлдү (видео)

17-Авг. 2017, Бейшемби

Бишкек-Ош унаа жолунда күйүүчү май ташуучу унаа оодарылып, Суусамыр суусуна мазут куюлду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Жайыл районунда 15-август күнү саат 15:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 200-чакырымында 20 тонналык күйүүчү май ташуучу ДАФ үлгүсүндөгү мамлекеттик № В 3637 АI унаа, мазут жүктөп бара жатып жол жээгине оодарылган. Төгүлгөн мазут жол жээгине жана Суусамыр суусуна куюлган.

ӨКМ Жайыл райондук бөлүмү тарабынан Суусамыр айыл өкмөтүнө билдирилип, Суусамыр суусунун жээгинде жайгашкан калкка билдирүүнү жана эскертүүнү сунушташкан.

Унаада 2 адам болгон, 1 адам жабыркап Бишкек-Ош унаа жолунун 154-чакырымында жайгашкан "ФАП" кызматкерлери тарабынан Кара-Балта шаарындагы ооруканага жөнөтүлгөн. Ал эми унаанын айдоочусу жаракат алган эмес.

“Кырсык болгон жерге ӨКМнин Талас районунун Чат-Базар айлында жайгашкан №101-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары, ИИМнин патрулдук милициясынан 2 кызматкер, Мамэкотехинспекциядан 2 кызматкер жана ӨКМнин Жайыл райондук бөлүмүнүн адиси тартылган”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!