Өлүмгө себепкер болгон милиция кармалды

18-Авг. 2017, Жума

Бишкек шаарында таң эрте катталган жол кырсыкка себепкер болгон милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, эки адамдын өлүмүнө себепкер болгон Toyota Windom унаасынын 28 жаштагы айдоочу милиция кызматкери, Ленин РИИБнын кызматкери, ички иштер органдарында 2011-жылдан бери иштейт.

«Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, милиция кызматкери учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бир катар соттук экспертизалар белгиленди. Андан сырткары кызматтык тергөө жүргүзүлөт»,- деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле милициядан кырсыкка кабылган милиция кызматкери унааны мас абалында башкарып бара жатканын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, бүгүн 18-августта таңкы саат 06:15 чамасында Бишкек шаарынын Манас жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде беш унаанын катышуусунда ири жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен Mazda унаасынын айдоочусу 43 жаштагы Ш.В. жана 27 жаштагы К.Д. аттуу жүргүнчүсү каза болгон. Ал эми ар кандай жаракат алгандарды «Тез жардам» кызматы алып кеткен. Окуя болгон жерди текшерүүдө Toyota Windom унаасынын айдоочусу “Манас” проспектиси боюнча бара жатып, кызыл күйгөндө токтогон Mazda унаасын сүзүп алган. Соккудан соң Mazda алдыда токтоп турган унаалар менен кагылышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!