Кыз бөтөлкөлөшүн таш менен чаап өлтүрдү

19-Авг. 2017, Ишемби

22 жаштагы кызга ичимдик ичүүнү сунуштаган адам кыздын колунан ажал тапты. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, 17-августта күндүз саат 16:30да нөөмөттөгү милициянын 102 номерине чалуу болуп, Бишкектин Гоголь менен Жумабеков көчөлөрүнүн кесилишинде азият улутундагы 40-45 жаштагы эс учун жоготкон адамдын жерде жатканы боюнча кабар келип түшкөн.

Жабырлануучу өзүнө келбей ооруканага жетпей жолдо каза болгон.

Бул факты боюнча Свердлов райондук ички ишкер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, каза болгон адамдын өлүмүнө шектүү деп 1995-жылы туулган А.А. аттуу кыз кармалып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шектүү катары кармалган 22 жаштагы кыз көрсөтмөсүндө каза болгон адам менен тааныш эмес болгонун, эркек киши кызга бирге спирт ичимдигин ичүүнү сунуштаган. Ичип алгандан кийин ал өзүн билбей бөтөлкөлөшүнүн башына таш менен урганын айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!