Бишкек-Ош жолунда жеңил унаа кулап кетти

19-Авг. 2017, Ишемби

Бишкек-Ош унаа жолунда жеңил ууна учуп кетип, үч адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 17-август күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 365-чакырымында болгон. Анда Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунун 39 жаштагы Б.К аттуу тургуну башкарып бара жаткан «Toyota Wish» үлгүсүндөгү унаа жолдон учуп кеткен. Айдоочудан сырткары унаанын ичинде бара жаткан айдоочунун 17 жаштагы иниси менен 36 жаштагы жубайы жеңил жаракат алышкан.

“Окуя болгон жерге ӨКМнын куткаруучулары барып, унааны чыгарып берген. Ошондой эле жабырлануучуларга жеринде биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн”,- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!