Көчмөн элдин жашоосун даңазалган ​“Ош Фест - 2017”

21-Авг. 2017, Дүйшөмбү

19-августта Ош шаарында алгачкы жолу “Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы болду. Иш-чарада Улуу Жибек Жолунун кербени шаардын борборун аралай жүрүшкө чыгып, фестивалдын андан аркы бөлүгү Т.Сатылганов атындагы паркта уланды. Мында улуттук тамак-аш, көл өнөрчүлөрдүн эмгектеринин көргөзмөсү, чебер-класстар уюштурулду. Ыр-күү бий менен коштолгон иш-чарада кыргыздын Кара жорго бийин жапырт бийлешип, флешмоб менен жыйынтыкталды.

Апалар кыздын кырк чачын өрүп жаткан учуру.

Кыргыздын улуттук кийими.

Көчмөн элинин ай чырайлуу бийкечтери.

Оштогу курчак театрынын артисттери

Алайдан келген апалар кыргыз улуттук кийимдер менен чыгышты

Ноокаттан келген топоздор

Байыркы Кытай менен Рим империясынын ортосунда жайгашкан Улуу Жибек жолу Ош шаары аркылуу өткөн

Кербендин жүрүшү Исанов көчөсүндөгү Карл Маркс мектебинен башталып, шаардын борбору аркылуу өтүп, Токтогул Сатылганов атындагы бакка чейин уланды

Иш-чаранын башкы максаты - туризмди өнүктүрүү

Фестиваль ЮСАИД тарабынан каржыланып, колдоо көрсөтүлгөн

Көп улутту өзүнө батырган Ош шаарындагы жергиликтүү улуттар өзүнүн улуттук кийимдери менен өз өнөрлөрүн тартуулашууда.

Кыргыздын кыраан жигиттери

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Кыргызстандагы USAID миссиясынын директору Кимберли Роузен, Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов

Жергиликтүү дыйкандар тарабынан өндүрүлгөн кургатылган кактардын түрү.

Кол өнөрчүлөрдүн жасаган буюмдары.

Баткенден келген ууз чебердин эмгектери



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!