​Эртең Ак ибирсти коргоо боюнча форум башталат

23-Авг. 2017, Шаршемби

24-25-августта Бишкекте эл аралык «Ак илбирс мекени – улуу тоолор» аттуу ак илбисти коргоо боюнча форум башталат. Форум Ак илбирс мекендеген 5 аймактын өкүлдөрүнүн: Монголия, Орусиянын Алтай, Бурят Республикаларынын жана Тажикстан, Кыргызстандын өкүлдөрүнүн башын кошот.

«Ак илбирстин мекени – улуу тоолор» түзүмү 2013-жылы Бишкекте өткөн ак илбирсти коргоого арналган биринчи форумда түптөлгөн.

Түзүмдүн мүчөлөрү тоолуу аймактарды мекендеген элдердин салттарын, жаратылышка, жан-жаныбарларга болгон аяр да камкор мамилесин, жоготпой сактап келген маданияты аркылуу батыштын илими менен жергиликтүү элдин салттуу билимдерин айкалыштырууну жана кызматташууну көздөйт. Бул элдерде азыркыга чейин ата-баба касиеттерин сактоо менен аларга “байланышка чыга” алгандар кездешет, алар: шамандар, шайыктар (ыйык жайларды сактоочулар) буддалык монахтар.

Түзүмдүн өкүлдөрү ак илбирстин айланасындагы экосистеманы сактоо багытындагы Ааламдык программага салттуу маданиятты сактоочулардын өкүлдөрүнүн катышуусуна өбөлгө түзүп жол ачып беришет. Алар жапан жаратылышка мониторинг жүргүзүүдө алыскы тоолуу аймактардын жашоочуларынын өз ооздорунан уккан маалыматтарга таянат. Бул жумушту жүргүзүү Ааламдык программанын өз максатына жетишине чоң салым болуу менен бирге, жергиликтүү жамааттардын да кызыкчылыгын коргойт.

«Ак илбирс мекени – улуу тоолор» түзүмүнүн маалыматтарды топтоо ишинде жаңы заманбап технологиялар пайдаланылат. Смартфондор менен планшеттер үчүн атайын иштелип чыккан көрсөтмөлөрдө эки анкетаны толтуруу каралган: жапайы жаратылышка байкоо жүргүзүү жана браконьерлердин иш аракетине көзөмөл жүргүзүү. Бул көрсөтмөлөр 5 тилге которулуп даярдалгандыктан, түзүмдүн аймактардагы жергиликтүү мүчөлөрүнүн иштешүүсүнө ыңгайлуу болуп турат. Учурда бул көрсөтмөлөрдү кантип пайдалануу керектигин Ааламдык программалар иштеп жаткан аймактарда жашаган чабандар жана жөнөкөй тургундар ар кандай шарттарда иштеп үйрөнүүдө.

Муундан-муунга өтүп келе жаткан салттуу тарых менен легендалар элдин түпкүлүктүү маданиятынын жашап кетиши үчүн негиз болуп кала берет. Тарыхтар маалымат булагы болуу менен бирге, аян болуп берилип же атайын иш чаранын тарыхы же өзгөчөлүү туш келүүлөр менен коштолот. Мисалы, ар түркүн элде адам баласы ак илбирсти өлтүрүп алса, анын кесепетинен үй-бүлөсү кайгылуу окуяларга кабылышы тууралуу, баласынын өлүмү, жашоодо жакырланып отуруп кыйынчылыктарга учурашынын тарыхы ар кандай айтылат.

Мындай окуялар колдоочу жаныбарлардын өлтүрүлүшү ар кандай кырсыктарга алып келерин эскертүү менен андан сабак алууга үйрөтөт. «Ак илбирс мекени – улуу тоолор» түзүмүнүн мүчөлөрү, смартфондор жаштар менен улуу муундагылардын арасын бириктирет деген ишенимде: заманбап техниканы колдоно билген балдар өз ата-энелерине пайдалануу ыкмаларын үйрөтүү менен өздөрү да улуулардын айткан тарыхый окуяларын жыйнай алышат. Жыйналган легендалар менен окуялар чоң тарбиялык роль аткарып, алар мектептин окуу программаларында балдарга өз мекенинин тарыхын, өзгөчөлүгүн жакшыраак билишине көмөкчү болот. «Ак илбирс мекени – улуу тоолор» түзүмү Кыргызстанда, Монголияда, Алтай менен Бурят Республикасында, Тажикстанда активдүү иштеп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!