Мушташтын айынан каза тапты

24-Авг. 2017, Бейшемби

Бишкек шаарында эки эркек киши мушташа кетип, анын кесепетинен бирөөсү көз жумду. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-август күнү болжол менен саат 09:30 чамасында Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринен жарандар өтүп бара жатышып, киши колдуу болуп өлгөн 40-45 жаштар чамасындагы адамдын cөөгүн көрүшкөн. Ошол эле маалда милиция кызматкерлерине кайрылышкан. Окуя болгон жерге Свердлов РИИБдин ыкчам-тергөө тобу келген.

“Милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иш-чарасын жүргүзүүнүн натыйжасында кылмышка шектүү делип 22 жаштагы Н.У. аттуу Ош облусунун жашоочусу кармалган. Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “адам өлтүрүү” беренсинин негизинде кылмыш иши козголгон. Азыркы убакта шектүү убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери жүрүүдө”,- деп айтылат маалыматта.

Кармалган жарандын айтуусу боюнча экөөнүн ортосунан чыр чыгып, мушташа кетишкен. Өлгөн адам оор жаракатынан улам мерт кеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!