Кара-Балта суусуна май төгүлдү

24-Авг. 2017, Бейшемби

Жайыл районунда күйүүчү май ташыган эки унаа кырсыкка кабылып, күйүүчү май Кара-Балта суусуна аккан. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 23-август күнү түштөн кийин Бишкек-Ош унаа жолунун 82-чакырымында, “Сосновка” өткөрүү пунктуна жакын жерде болгон. Анда “Жунда” ишканасына таандык 30 тонналык бензовоз аралыкты сактабай алдында келе жаткан бензовозду сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 2 тонна мазут Кара-Балта суусуна аккан. Мындан улам сууну калктын колдонуусуна берүү токтотулган.

Окуя болгон жерге Экотехинспекция, Прокуратура, Санэпидемстанция, Патрулдук милиция, Жол-тейлөө ишканасынын кызматкерлери барышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!