Ак илбирсти коргоого арналган форум башталды

24-Авг. 2017, Бейшемби

Бүгүн 24-25-августта Бишкекте ак илбирсти сактап калуу маселесине арналган эл аралык жыйын башталды. Жыйын "Жаннат" мейманканасында өтүп жатат. Иш-чараны “Ак илбирстин мекени – улуу тоолор” түзүмү уюштурууда. Ага Монголиянын, Орусиянын Алтай, Бурят Республикаларынын жана Тажикстандын, Кыргызстандын өкүлдөрү кирет.

Форумга бир катар мамлекеттин өкүлдөрү катышууда.

Форумдун алкагында ак илбирсти сактоо жана коргоого арналган көргөзмө ачылган.



Тиркеме аркылуу ак илбирс менен сүрөткө түшкөндөр. Мында ак илбирс жаныңызда жүргөндөй таасир калтырат.


Монгол айымдары.


Ак илбирсти сактап калуу максатында корукка жакын аймактардагы жергиликтүү тургундарга жасалган иштер.


Топоздор.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!