УКМК кызматкерлери жаңы үйлүү болду

25-Авг. 2017, Жума

Президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы боюнча Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери үчүн курулган көп кабаттуу эки турак жайдын ачылышын аземине катышты.

Темир Жумакадыров жаңы конуштуу болгон кызматкерлерге мамлекет башчысынын куттуктоо сөздөрүн жеткирип, 81 үй-бүлөгө кызматтык турак жайдын ачкычын тапшырды.

“Аскер кызматкерлери, күч структураларынын жана ӨКМ кызматкерлери үчүн дагы үйлөр курулуп жатат. Бул багыттагы иштерди уланта беребиз”, -деди Темир Жумакадыров.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Жумакадыров мамлекет башчысынын атынан жаңы үйлөрдүн жанына балдар үчүн аянтчаларды куруу үчүн 300 миң сомдук сертификат тапшырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!