Опера жана балет театры оңдолуп жатат

25-Авг. 2017, Жума

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет татрынын фронтондору алынып, рестоврацияга жөнөтүлдү. Мындан тышкары театрдын ичи дагы оңдоп түзөөдөн өтүп жатат. Бул тууралуу театрдын жетекчиси Болот Осмонов билдирди.

Анын айтымында, реставрациядан көркөм сүрөт академиясында өткөрүлөт. Оңдоп түзөө иши КРнын эл сүрөтчүсү Тургунбай Сыдыковго жүктөлдү. Скульптураны калыбына келтирүүгө 6 миллион сом жумшалат. Ал эми театрдын ичи эскилиги жеткенине байланыштуу оңдоо иштери жүрүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!