Милиция кызматкерлери “Максты” колго түшүрдү

25-Авг. 2017, Жума

Каракол шаарында милиция кызматкерлери Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү “Максты” кармады. Бул тууралуу Каракол шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-август күнү Каракол шаарынын А.Т. аттуу тургуну ШИИБге арыз менен кайрылган. Анда ал шаардагы дүкөндөрдүн бирине болжол менен 30-35 жаштардагы адам кирип, андагы азык-түлүктөрдү коркутуу жолу менен алып кеткендигин айтып, ага карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул фактынын бетин ачуу максатында 18-августта “Тоноочу” операциясы жүргүзүлүп, бул кылмышка шектүү катары Каракол шаарынын М.М аттуу жашоочусу кармалган. Ал 2009-жылдан бери ИИМдин каттоосунда турган. Ал К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү экендиги жана буга чейин бир нече жолу соттолгондугу аныкталган. Кылмышка шектүү криминалдык чөйрөдө “Макс” деген каймана аты менен таанымал болгон.

“Учурда ал Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ошондой эле анын үстүнөн тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!