Соода-сатык кылгандарга эскертүү берилди

25-Авг. 2017, Жума

Экологиялык техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы тарабынан Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушундагы Шабдан-Баатыр көчөсүнүн жээгинде соода- сатык жай ээлерине мыйзамсыз курулуштарын алдыруу боюнча эскертүү берилди. Бул тууралуу инспекциянын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, аталган көчөдө жарандар баш аламан, кызыл сызыктан чыгып, соода жайларын өз билемдик менен уюштуруп алышкан. Жеринде Мамэкотехинспекциянын инспектору Кушубаков Кожожаш жана Октябрь районунун адистери тарабынан сатуучуларга мыйзамсыз курулуштарды алдыруу, кызыл сызыктан чыкпоо туууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аны менен катар бир айдын ичинде аталган көчөдө курулмалар жана таштандылардан тазалоо боюнча эскертүүлөр берилди. Белгиленген мөөнөттө Мамэкотехинспекциянын койгон талаптары аткарылбаса мыйзамсыз соода жай ээлерине катуу чаралар көрүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!