ТИМ АКШдагы катуу шамал боюнча эскертүү берди

26-Авг. 2017, Ишемби

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын чыгыш жээгине жакындап келаткан “Харви” аттуу шамал болуп жаткандыгына байланыштуу Техас штатына барбай турууну Кыргызстандын жарандарына эскертет.

ТИМдин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева билдиргендей, эгерде ал жакта жашагандар болсо жергиликтүү бийликтин кырдаалды турукташтыруу жана элди эвакуациялоо ишине каршы чыкпашы керек.

АКШда акыркы 12 жылдан бери эң катуу бороон болору күтүлүүдө. Мындан улам аталган аймакка өзгөчө кырдаал киргизилди.

Кыргызстандын АКШдагы элчилиги байланыш телефонун жарыялап кыргызстандык жарандар үчүн күнү-түнү иштей турганын эскертет. Байланыш телефону: +1 (202) 256-2924

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!