Уурулукка шектүү адам кармалды

30-Авг. 2017, Шаршемби

Чүй облусунун 36 жаштагы тургуну уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ленин РИИБне Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, 26-август күнү болжол менен саат 20:00 чамасында Жибек-Жолу, Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде бейтааныш адам күч колдонуп сумкасын тартып алып, белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткенин билдирген. Анын сумкасынын ичинде 3000 сом акчасы, жеке документтери бар болгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыштын изи сууй электе Чүй облусунун 36 жаштагы тургуну кармалган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “тоноо” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!