Аркан тарткан ак калпакчан туристтер (фоторепортаж)

30-Авг. 2017, Шаршемби

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айылында жайкы туризм фестивалы өттү. Фестивалга бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар, 200дөн ашуун чет элдик туристтер катышты. Иш-чаранын негизги максаты аталган аймакта жайкы туризмди өнүктүрүү.


Жайкы туристтик фестиваль бул аймакта алгачкы жолу уюштурулду.



Өлкөнүн ар кайсыл аймагынан келген кол өнөрчүлөрдүн эмгектери.


Боз үй.



Фестивалдын негизги максаты – Жыргалаң айылында жайкы туризмди өнүктүрүү, туристтерди тартуу.

Атчандар жана велосипедчендер параддан өтүп жатышат.

Фестиваль учурунда жергиликтүү эки жаш расмий баш кошту.

Иш-чара USAID уюмунун бизнести өнүктүрүү демилгеси (BGI) программасынын колдоосу менен өткөрүлгөн.


Боорсок.


Жыргалаң айылынын эли чыпчыма тамагы менен дагы таанымал.

Чет элдик турист айымдар менен жергиликтүү тургундар аркан тартышты.

Эр эңиш.

Кыргыздын кыраан жигиттери тыйын эңмей оюнун көрсөтүүдө.

Көк-бөрү.

Ак калпак кийген чет элдик туристтер.

Жайы кышы туристтерди өзүнө тарткан айылдын көрүнүшү.

Айылда кароосуз калган көп кабатуу үйлөрдү көп кездештирүүгө болот.

Жыргалаңда учурда 200дөн ашуун түтүн эл жашайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!