​Жыргалаң: фестивалда эки жаш баш кошту

30-Авг. 2017, Шаршемби

Жакында эле Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Жыргалаң айылында жайкы туристтик фестиваль өткөрүлдү. Фестиваль учурунда Жыргалаң айылынын тургуну Калысбек Рахатбеков менен Айгерим Даминованын үйлөнүү үлпөт тою болду.

Алар кыргыз элинин улуттук кийимдерин кийишип, кыргыз элинин каада-салты менен баш кошту. Жубайлар кымбат баалуу унаанын ордуна күлүк аттарды минип чыгышты. Атайын Ак-Суу районунун ЗАГС кызматкери эки жаштын нике кыюу расмийин өткөрүп, нике күбөлүгүн тапшырды. Кийин жаш жубайлар нике шакектерин бири-бирине тагышып, Жыргалаң айылы дагы бир үй-бүлө менен толукталды. Жубайларга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ак сакалдуу аталар, айыл эли алакан жайып ак баталарын беришти.

Жаш жубайларды кепке тартканыбызда, алар көп жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшүп баш кошушканын айтышты.

“Келинчегим Айгерим менен кыз жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүбүзгө 5 жылдан ашты. Бул убакыт аралыгында бири-бирибизди жакшы түшүнүп билип калдык. Көптөн бери ага баш кошуу тууралуу сунушумду айтайын деп жүргөм. Убакыт сааты келгендиктен минтип үйлөнүү тоюбузду өткөрүп жатабыз. Буга чейин Россияда иштеп келгем. Келинчегим дагы ал жакта иштейт. Айылда эле иштейли дейбиз бирок бул жакта жумуш жоктугуна байланыштуу Россияга кайра кетели деген ойлорубуз бар. Кичине иштеп анан бул жактан иштейбиз деген пландарыбыз бар. Тоюбуздун туристтик фестивалга дал келип калганы биз үчүн күтүүсүз болду. Бүгүнкү иш-чара бизге абдан жакты. Уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиргим келет”,-деди Калыс Рахатбеков.

Ал эми Калыстын колуктусу Айгерим Даминованын Россиядан келгенине бир ай гана болгон.

“Калыс менен кыз-жигит болуп сүйлөшкөнүбүзгө көп эле жыл болду. Мектепти аяктаарым менен Каракол шаарындагы медициналык окуу жайына тапшырып, ийгиликтүү аяктадым. Эл катары мен дагы Россияга иштегени кетип жакында эле туулган жерими сагынып бул жакта турганыма бир айдай убакыт болгон. Эми дагы иштеп келейин деп даярданып, билет алууга камынып жүргөндө үйлөнүп калдык. Ошону менен турмушка чыгып отуруп калдым. Жыргалаң айылы бизге абдан жагат. Биздин тоюбуздун мындай фестиваль менен чогуу өтүп жатканы биз үчүн кызыктуу болуп, мага жакты. Айрыкча туристтер бизге таң калышып, биз менен сүрөткө түшүп жатышты”,-деди Айгерим Даминова.

Эки жашка нике күбөлүгү тапшырылууда.

Нике шакеген бири-бирине тагып жатышат.

Жаш жубайлар ата-энелерине жүгүнүүдө.

Кайын эне келинине ак жоолугун салды.

Айыл аксакалы эки жашка ак батасын берип жатат.

Эки жаш ак сакалдын батасын алууда

Фестивалдын жүрүшүндө жаңы туризм өнүмдөрүнүн бет ачары өтүп, тоого жөө чыгуу, велосипед тебүү, ат үстүндөгү оюндар уюштурулду. Мындан тышкары туристтерге кызмат көрсөткөн конок үйлөрү жана боз үй конуштарынын да бет ачаары болду. Фестивалдын катышуучулары үчүн жармаңке уюштурулуп, кыргыз улуттук ат оюндары, концерттик программа эл назарына тартууланды. Иш-чаранын негизги максаты аталган аймактын туризмдик потенциалын таанытуу. Жайкы туризмди өнүктүрүү. Иш-чара “Жыргалаң өрөөнү дестинациясы” коомдук бирикмеси USAID бизнести өнүктүрүү демилгеси (BGI) программасынын колдоосу тарабынан уюштурулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!