Саратовдо кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылды

4-Сен. 2017, Дүйшөмбү

Бүгүн, 4-сентябрда Россиянын Саратов облусунун аймагында эки унаа кагылышып, мунун айынан 9 адам жабыркаган.

Тышкы иштер минитсрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева билдиргендей, жол кырсыгына кабылган унаалардын биринде Кыргызстандын жарандары болгон.

Саратов облустук мамлекеттик жол коопсуздук инспекциясынын алдын ала берген маалыматына караганда, жабыр тарткандардын баары шаардык жана облустук ооруканаларга жеткирилген. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жол кырсыгынан жабыр тарткан кыргызстандыктардын абалын тактап жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!