Кыргызстанга Кытайдан археологдор келет

9-Сен. 2017, Ишемби, 13:15

Кытайдын Данхуанг академиясы Кыргызстандагы археологиялык казууларга катышат.

Эки тарап Кытай менен Кыргызстандын бийлиги тарабынан кол коюлган келишимге ылайык, Кыргызстанда 5 жылга биргелешкен изилдөө иштеринде жана казууларда иш алып барышмакчы.

Ошондой эле, жер алдынан казылып алынган тарыхый эстеликтерди сактоо жана көргөзмөлөргө сунуштоо, кызматташтыктын алкагында өткөрүлмөкчү.

Будданын эң көп жыйнагына ээ болгон “Mogao” үңкүрлөрүн ачкан Данхуанг академиясы, биринчи жолу Улуу жибек жолунда жайгашкан Орто Азия эли менен ушундай келишим түзүүдө.

1970-жылы коомчулук үчүн ачылган “Mogao” үңкүрлөрү 1987-жылы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк маданий мурастарынын тизмесине кирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!