Бишкекте оңдоп түзөөдөн кийин 8 көчө ачылды

15-Сен. 2017, Жума, 11:24

Бишкек шаарында капиталдык ремонттон кийин дагы 8 көчө ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Муниципалдык «Бишкекасфальсервис» ишканасынын маалыматы боюнча учурда шаардын сегиз көчөсүндө ремонттук иштер бүткөрүлүп, унаа кыймылы үчүн ачылды.

1. Ш. Баатыр көчөсү Исакеевден Кийизбаев көчөсүнө чейин.

2. Литовская көчөсү Кийизбаевден Ш. Баатыр көчөсүнө чейин.

3. Гроздь айылындагы шаардык жаңы көрүстөнгө чейинки жол.

4. Безымянная көчөсү Тыналиевден №95 мектепке чейин.

5. Жаманбаев көчөсүТынчтык проспектисинен Ш. Руставелиге чейин.

6. Жал кичирайонундагы Безымянная көчөсү Ахунбаевден №72 мектепке чейин.

7. №11 кичи райондогу Куттубаев көчөсүндөгү үйлөрдү бойлой өткөн көчө.

8. Жал кичи районунда Тыналиевден Курчатов көчөсүнө чейинки жол.

«Бишкекасфальтсервис» линиясы аркылуу 2017-жылга шаардык казынадан жалпы узундугу 56,4 чакырым Бишкектин 56 көчөсүнө капиталдык ремонт жүргүзүү пландалган. Бүгүнкү күндө шаардын 47 көчөсүндө реконструкция уланууда.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!