Жасалма документ менен кармалды

15-Сен. 2017, Жума, 11:34

Казакстанга жасалма паспорт менен өтүүгө аракет кылган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-сентябрь күнү 45 жаштагы Ф.Б. аттуу кыргыз жараны Кыргыз-еазак чек арасындагы "Ак-Тилек унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү бекетинде кармалган. Ал жасалма паспорт менен Казакстандын аймагына өтүүгө аракет кылган.

Учурда тиешелүү материалдар толтурулуп, кармалган жаран УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!