Жабыркагандарга ипотекалык насыя бериле баштады

15-Сен. 2017, Жума, 12:32

Жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан Сузак жана Чоң-Алай районунун тургундарына ипотекалык насыя берилди.

Мамлекеттик ипотека компаниясынын басма сөз катчысы Зирек Асанова билдиргендей, насыялар турак жайды башынан курууга 300 миң сомдон 7 жылга, ал эми калыбына келтирүүгө 200 миң сомдон 5 жылдык мөөнөткө, өздүк салымысыз, жылдык үстөгү 7% менен берилүүдө.

“Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагында жабыркагандардан 4 үй-бүлө, ал эми Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу 1 үй-бүлө 300 миң сомдон ипотекалык насыяны “Айыл банктын” аймактагы бөлүмдөрү аркылуу ала башташты”,-деп айтылат билдирүүдө.

Жаз алды менен табигый кырсыктан улам турак жайга муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн саны Чоң-Алай району боюнча 642, Сузак району боюнча 462, Өзгөн району боюнча 933тү түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!