Стивен Сигал Бишкекке келди

15-Сен. 2017, Жума, 12:56

Белгилүү актер Стивен Сигал үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу боюнча премьер-министр Сапар Исаков менен сүйлөшүү максатында Бишкекке келди.

Өкмөт башчынын маалымат кызматы билдиргендей, бүгүн, 15-сентябрда өкмөт башчы атактуу актерду кабыл алып, көчмөндөр оюнун уюштурууда анын идеяларын угат.

Белгилей кетсек, жакында эле премьер-министр Сапар Исаков 2018-жылы сентябрь айында үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөрүн билдирген.

Стивен Сигал дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын элчиси. Өткөн жылы өткөн экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында парадды ачкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!