Бош орундар жарманкеси болуп өттү

15-Сен. 2017, Жума, 16:19

Бүгүн, 15-сентябрда "Адам сатууга каршы 100 күн" аталышындагы акциянын алкагында Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы биргеликте уюштурган бош жумуш орундарынын жармаңкеси болуп өттү. Ага шаардагы билим берүү тармагынын мекемелери, ар кайсы багыттагы ишканалар катышышты. Бул тууралу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гүлина Базаркулова билдирди.

Анда Жалал-Абад шаары боюнча 200 жаран жумушсуз деп катталгандыгы, ал эми учурда шаар ичинде 126 бош жумуш орун барлыгы белгилүү болду. Андан сырткары, студенттер үчүн окуудан сырткаркы жумуш орундары да каралып жатканы айтылды.

Г. Базаркулованын айтымында, "Адам сатууга каршы 100 күн" аталышындагы акциянын алкагында шаар аймагында жумушсуз жүргөн атуулдарды жумуш орундары менен камсыз кылуу аракеттери көрүлүп жатат.

-Эгер мындай иш-чаралар уюштурулбаса, жумушсуз жүргөн жарандар алдамчыларга алданып, кулчулукка туш болуп калышы толук ыктымал. Эгер чет жака кетүүчүлөр болсо да, аларга жардам кылып, мыйзамдуу түрдө жиберүүнү көздөп жатабыз. Учурда айдоочулука, поварларга жардамчы жана сатуучулука бош орундар көп болууда, - дейт ал.

Эскерте кетсек, шаарда бош жумуш орундарынын жармаңкеси жыл сайын өткөрүлүп келүүдө. Ушул эле жылдын июль айында да ушундай эле жармаңке өткөрүлгөн. Жармаңкеде шаар боюнча 348 орун сунуш кылынган болсо, анын жүрүшүндө 25 атуул жумуш менен камсыз болгон.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!