6,5 киллограмм баңгизат алынды

15-Сен. 2017, Жума, 17:23

Өлкө аймагында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 6,5 кг жакын баңгизат алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 13-сентябрь күнү Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан Бишкек-Өзгөн автобекетинде Бишкек каттамында турган 54 жаштагы Ж.С. аттуу айдоочуга болжол менен 25-30 жаштардагы бейтааныш жарандар келип, баштыкка салынган буюмду берип, Бишкек шаарынан таанышы тосуп аларын айтышкан. Ал эми, айдоочу баштыкты ачып караган маалда шектүү зат таап алып, аны өз ыктыяры менен милиция кызматкерлерине тапшырган. Алынган зат экспертизага жөнөтүлүп, жыйынтыгында жалпы салмагы 1 килограммга жакын марихуана баңгизаты болуп чыккан.

Ал эми 14-сентябрь күнү Жети-Өгүз райондук милиция кызматкерлери баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы иш-чараларды өткөрүүнүн натыйжасында, Кабак айылынын талаасынан 33 жаштагы Д.К. аттуу жергиликтүү тургун жалпы салмагы 5 килограмм 500 грамм марихуна баңгизаты менен кармалган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!