Нарын шаарынын күнү белгиленип жатат (фото)

16-Сен. 2017, Ишемби, 10:27

Бүгүн,16-сентябрда Нарын шаарынын күнүнө карата шаардын бардык жеринде иш-чара өтүп жатат.

Шаардын 5 аймагынын жашоочулары жана ошол аймактагы мекеме, ишканалардын катышуусунда кыргыздын каада-салттарын чагылдыруу боюнча сынак, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, боз үйлөрдүн сынагы жана башка оюн-зоок программалары тартууланмакчы.

Мындан тышкары шаар тургунунун алкагында 2014-2017-жылдарга Өнүктүрүү Жол картасынын жыйынтыктары боюнча облусттук семинар жана буюм-тайымдардын жасалышы жана тамак-аштын даярдалышы боюнча чебер-класстар “Тоо койнунда шаар” деген таалышта сүрөт көргөзмө болмокчу.

Иш-чаранын жана атлган сынактын жыйынтыгы бүгүн 16:00дө Нарын шаарынын стадионунда болмокчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!