Мыйзамсыз орнотулган күркөлөр алынды

19-Сен. 2017, Шейшемби, 11:38

Чүйдөгү Сокулук районундагы Республикалык масштабдагы жолдордо жайгашкан ошондой эле жол боюндагы кызыл линиядан өтүп кеткен соода күркөлөрүнө Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан бир нече ирэт алдыруу тапшырмасы коюлган. Бирок буга карабастан унаа өтүүчү жолдорго жакын жайгашкан соода-сатык жайлары тапшырмаларды аткарбастан, соодасын жүргүзүп келген. Бул тууралуу инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Мамэкотехинспециянын Сокулук району боюнча инспекторлору менен биргеликте аталган райондун жергиликтүү бийлиги, прокуратура баштаган комиссиянын алкагында уруксааты жок иштеп келген соода-сатык дүкөнчөлөрү жол бойлорунан алынды. Эске сала кетсек, Кыргызстандагы стратегиялык мааниге ээ болгон жолдордогу соода-сатык жайлары, курулуш сатуучу дүкөндөр, жер жемиш сатуучу күркөлөр алынууда. Себеби, кызыл чийинден ашып кеткен соода жайлары унаалар өтүүчү жолду таарытып, айрым учурда ар кандай кырсыктарга себепкер болуп калууда.

Андыктан бир гана Сокулук районундагы автоунаа жолуна жакын күркөлөр эмес, Кыргызстандагы баардык стратегиялык маанидеги жолдордо мыйзамсыз иштеп келгенинен соода жайлары Инспекция тарабынан ирээтке келтирилүүдө. Ал үчүн ар бир жергиликтүү бийликке өзүнүн карамагындагы соода жайларын ирээтке келтирип, техникалык талаптарга жооп берген атайын соода жайларын куруп берүүсү каралган.

Көпчүлүк учурда ишкерлердин нааразычылыгы жаралып келет. Андыктан кайчы-пикир жаралбаш үчүн, алгач соода күркөлөрүн жайгаштыруудан мурун, ишкерлер жергиликтүү бийлик менен макулдашып, анан соода жүргүзүү керектигин Мамэкотехинспекция эскертет!!!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!