Белгилүү актёр Амантур Мусаев бойдокчулук менен коштошот

19-Сен. 2017, Шейшемби, 15:04

“Көргүм келет”, “Миллиондук мелдеш”, “Поларис шооласы” жана башка тасмаларда башкы каармандын ролун ойногон белгилүү актёр Амантур Мусаев 26 жаш курагында бойдокчулук менен коштошот. Бул тууралуу актердун кесиптеши Жийде Зоотбекова билдирди.

Анын соцтүйүнгө жазган пикирине караганда, актёрдун тою жакын арада өтмөкчү.

“Белгилүү актер, кыргыз элинин жакшы көргөн уулу Амантур Мусаев жакында үйлөнөт. Үлпөт тою башталганча эле куттуктап коюуну туура көрдүм. Амантур менен эфирден жөн гана конок катары тааныш болсо, кийин концерт алып барып, андан соң эфирде партнер катары мыкты 3 саат бою эфирлерди алып барып жүрдүк. Амантур, алган жарын менен тең кары. Бактылуу болгула, өмүрүң узун болсун, көп балалуу бол! Чын жүрөктөн куттуктаймын»,-деп пикирин калтырды Зоотбекова.

Буга чейин актёр чыгармачылыгы жана жеке жашоосу тууралуу «Заман Кыргызстан» гезитине берген маегинде качан үйлөнө турганын сыр кылып, чыгармачылыгын түшүнгөн кызга баш кошоорун айткан эле.

«Үйлөнөйүн деген ниетим бар, кайсы жылы экендиги белгисиз. Чыгармачылыгымды түшүнгөн жар алгым келет. Анткени кээде түнү менен съемкадан колубуз бошобосо, спектаклде түйшүктөр жаралат. Улуу муундагы актёрлор “чыгармачылыгыңды түшүнбөгөн жарга баш кошуп алсаң, бири-бириңде түшүнбөстүктөр орун алат. Андыктан сени түшүнгөн жарга баш кош деп айтып калышат”,-дейт А.Мусаев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!