Кыргызпатентке Кытайдан делегация келди

21-Сен. 2017, Бейшемби, 17:04

Бүгүн, 21-сентябрда өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент) Кытай Эл Республикасынын Соода-өнөр жай администрациясынын башкы мамлекеттик башкармалыгынын (SAIC) министри Чжан Мао жетектеген делегациясынын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиев "бул жолугушуу эки өлкөлөнүн ортосундагы бекем достук мамилелеринин миңдеген далилдеринин бири болуп саналат",- деп белгиледи. Кыргызстан жана Кытай жакшы кошуна, стратегиялык өнөктөш болуп саналуу менен соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүп келүүдө.

“Сиздин иш сапарыңыз жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу биздин мекемелердин ортосундагы натыйжалуу өз ара аракеттешүүгө жана биздин кызматташуунун жемиштүү болоруна мүмкүндүк түзөт”, - деди Эсеналиев.

“25 жылдан ашуун убакыттан бери Кыргыз-Кытай мамилелери туруктуу өнүгүп, Кытайдын жана Кыргызстандын жетекчилиги расмий жолугушуулар менен эки өлкөдө болушту. Байыркы жибек жолунда Кыргызстандын стратегиялык жайгашкандыгы, КЭРнын төрагасы Си Цзиньпиндин “Бир алкак – бир жол” деп аталган демилгесинин алкагында мамилелердин өнүгүүсүн болжолдоштурат”, - деди Чжан Мао. Министр бул эки өлкөлөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүнүн жакшы мүмкүндүгү экендигин жана кызматташуу интеллектуалдык менчикти коргоо жана өнүктүрүү жаатында тереңдетиле тургандыгын белгиледи.

Жолугушуу учурунда товардык белгилерди каттоо жана коргоо, ушул жаатта өз ара мамилелердин негизги багыттары боюнча кызматташуу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун соңунда Кытай Эл Республикасынын Соода-өнөр жай администрациясынын башкы мамлекеттик башкармалыгынын (SAIC) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу аземи болуп өттү, анда тийиштүү чөйрөдөгү маалымат алмашуу багыттары, биргелешкен иш-чараларды, актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн тегерек столдорду, кызматкерлерди окутуу жаатындагы кызматташуу жана өз ара пайдалуу кызматташуунун башка чөйрөлөрү каралган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!