Жол талашкан айдоочулар ок атышты

22-Сен. 2017, Жума, 14:27

Бишкек шаарында жол талашкан эки айдоочунун бири экинчисин атып салды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-сентябрда И.Ахунбаев менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде «Хонда Фит» жана «Мерседес» унааларынын айдоочулары жол талашып мушташа кеткен. Анын жыйынтыгында айдоочулардын бири тапанча менен каршылашына ок чыгарган. Натыйжада бирөөсүнүн ийинине ок тийип, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн.

"Патрулдук милициянын кызматкерлери эки айдоочуну тең колго түшүрүп, учурда катталган окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Иликтөөнүн жыйынтыгында соттук-медициналык экспертиза дайындалат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!