Жаңы оңдоодон өткөн өтмөктөн жамгыр өтүүдө

29-Сен. 2017, Жума, 12:37

Борбор калаадагы Манас-Чүй кесилишинде жайгашкан өтмөктөн жамгыр өтүп жатат.

Өтмөк ушул жылдын 11-сентябрында толук оңдоодон өтүп, пайдаланууга берилген.

Ал 1978-жылы курулган. Ремонт иштери ушул жылдын май айында башталып, сентябрда бүткөрүлгөн. Оңдоо иштери үчүн 27 миллион 596 миң 158,8 сом сарпталган.

Бул сүрөттөр бүгүн, эрте менен тартылып алынды.

Азырынча бул боюнча мэрия үн ката элек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!