​Бишкекте өзбек товарларынын жармаңкеси өтүүдө (фото)

29-Сен. 2017, Жума, 13:52

Бүгүн, 29-сентябрда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Өзбекстандын ар кайсы аймактарынан 200дөн ашуун ишкана өндүрүп чыгарган товарлардын жармаңкеси өтүп жатат.

Жармаңкеде азык-түлүк, оюнчуктар, идиш-аяк, кийим-кече, үй эмеректерине чейин товарлар коюлган.

Мындан тышкары келген конокторго өзбек элинин улуттук каада-салты көрсөтүлүп, ыр-күүлөрү жаңырып жатат. Ошондой эле өзбек элинин палоосу чоң казанда даярдалып, келген конокторго таркатылмакчы.

Жармаңке 1-октябрга чейин уланат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!