Кыргыз-кытай чек арасы жабылат

29-Сен. 2017, Жума, 14:03

Кыргыз-Кытай чек арасы 1-октябрдан тарта убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кытай тараптын демилгеси менен 1-октябрдан 8-октябрга чейин Кытай Элдик Республикасынын күнүнө карата өтө турган майрамга байланыштуу «Торугарт» жана «Эркеч-Там» көзөмөл-өткөрүү жайлары убактылуу жабылат.

Ал эми 9-октябрдан тартып көзөмөл-өткөрүүчү жайлар транспорт каражаттары үчүн ачылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!