"Салттуу маданият жумалыгы" кароо-сынагы өтөт

29-Сен. 2017, Жума, 14:04

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында райондор, областар аралык “Салттуу маданият жумалыгы” кароо-сынагын өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Республикалык каро-сынак, 20-21 октябрда Таластагы Улуттук Манас ордо комплексинде, 22-октябрда Талас шаарынын Э.Кутманалиев атындагы стадионунда женүүчүлөрдүн жыйынтыктоочу концерти менен аяктайт.

Каро-сынактын негизги максаты:

-Салттуу маданиятты улуттук нукта өнөктүрүү;

-Элдик чыгармачылыктын деңгээлин жогорулатуу;

-Эл арасынан чыккан өнөрпоздорду, аткаруучуларды телерадио, басма сөз аркылуу элге таанытуу.

Кароо-сынактын критерийлери:

1.Манасчылар:

-«Манас» айтуусу, кыймылы, кийиминин салтуулугу жана калыстардын берген темасына жооп берүүсү;

-Сагынбай Орозбаковдун 150-жылдык маарекесине арнап анын мотивинде эпостон үзүндү айтып берүүсү жана аткаруучулук чеберчилиги.

2.Комузчулар:

-Комузда кол ойнотуп жана так, туура ойноосу;

-Чыгарманын көрмодүк деңгээли жана жогорку аткаруучулук чеберчилиги.

3.Төкмө акындар:

-Саламдашуусунда Кубат бийдин 330-жылдыгын даңазалап кошуп кетүүсү;

-Сөздордүн уйкаштыгы жана оюнун тереңдиги.

4.Улуттук кийимдерди:

-Улуттук кийимдеринин заманбаптуулугу;

-Баш кийимдеринин жашына жараша болушу.

5.Элдик ырлардын аткарылышы:

-Чыгармалардын аткарылыш сапаты;

-Ырды фонограмма пайдаланбай өз үндөрү менен аткаруусу;

-Улуттук кийимдеринин жарашыктуулугу.

Кароо-сынакка ар бир облуста катышат:

-Манасчы – 1 адам,

-Төкмө акын – 1 адам,

-Комузчу – 2 адам,

-Улуттук заманбап кийимдерди тигүүчүлөр – 5 адам,

-Элдик ырларды аткаруучулар – 2 адам.

Жеңүүчүлөр калыстар тобу тарабынан аныкталат жана аларга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан I, II, III орундар үчүн акчалай сыйлыктар, дипломдор грамоталар жана ошондой эле КРнын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан баалуу сыйлыктар ыйгарылат.

Кароо-сынакты өткөрүү мөөнөтү:

-Кароо-сынак 3 тур менен өткөрүлөт;

-I-райондук,

-II облустук,

-III Республикалык – 20-21 октябрь кароо-сынактын өтүүчү күндөрү, 22-октябрь – жыйынтыктоочу гала-концерт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!