​Ак-Суудагы реаблитациялык борбор электрондоштурулду

29-Сен. 2017, Жума, 17:25

Ушул жылдан тарта Ак-Суудагы реаблитиациялык борбору электрондук системге өтүштү. Бул жака дарыланганы алынып келинген балдарды кабыл алууда кандай абалда ооруп келген таржымалын кол менен жазуудан тышкары компьютерге дагы жазылып, электрондук база сакталмакчы.

Ак-Суу районундагы реаблитациялык борборунун башчысы Бейшенбек Байышбаев учурда борбордо 130 бала дарыланып жатканын, электрондук системге өтүүдө атайын интернет туташтырылганын айтат.

- Бул борборго өлкөнүн бардык аймагынан тубаса шал болуп төрөлгөн балдар-кыздар, нерв оорусу менен жабыр тарткан өспүрүмдөр келип дарыланышат. Дарылануу акысыз болгондуктан мамлекет тарабынан каржыланат. Учурда 130 бала дарыланууда. Дарылоонун негизги процедурасы табигый суу түзөт. Ал 50 метр тереңдиктен жылуу суу чыгат. Аны муздатып пайдаланабыз. Мындай суу Орто Азия боюнча жок. Балдарды сууга салып анын ичинде бастырып, массаж, көнүгүүлөрдү жасап, баспаган балдар ушул жактан басып кетишет. Мындан тышкары баланын ден соолугуна оң таасир тийгизген жери борбор капчыгайдын ичинде орун алып, таза аба, арча карагай баланын сакайып кетишине өбөлгө түзөт. Бул жакта транспорт, мобилдик байланыш тартпайт. Электрондук системге өтүү үчүн Кыргызтелеком тарабынан интернет туташтырылган. Бирок анын ылдамдыгы жай болууда. Жакынкы күндөрү мобилдик байланыш орнотулмакчы. Ал эми кадрлардан 2 логепед, 3 дарыгерибиз бар. Жалпы борбордо 81 кызматкер эмгектенет.


Рустам Курбанов массажист: «Бул жерде иштегениме жарым жылдай болду. Көп нерсе баланын диогнозунан таасир этет. Баланын диогнозу алсыз болсо көп убакытта басууга туура келет. Массажды күнүгө жасалат. Бул жактан чыгып үйүнө дагы барса массажды үзбөй жасай беришмекчи. Ал үчүн балдардын ата-энелерине дагы массаж жасаганды үйрөтөбүз»

Дарыгерлер борбор электрондуштурууга өтүшкөндөн кийин балдардын аты жөнүн табууга ыңгайлуу жана жеңил болгонун айтышат.

Реблитациялык борбор 1896-жылы курулган. Алгачкы жылдары дарыланууну каалагандар үчүн ванна-кабина салынып, чакан үй курулган. Кийин бул жай республикалык маанидеги ден соолукту чыңдоочу жайга айланган. Жыл өткөн сайын балдардын реабилитациялык борборуна келгендердин саны өскөндүктөн борбор макамын алган.

Учурунда бул борборду коңшу Казакстанга 49 жылдык ижарага берүү тууралуу сөз болгон. Бирок мамлекет сактап калган.

Бул жерден термалдык суулардын 26 булагы табылып, радондун, бромдун жана башка микроэлементтердин табигый аралашмалары айрыкча нерв системаларынын бузулушун калыбына келтирүүдө табылгыс дары катары эсептелет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!