КУУда заманбап стилдеги студия ачылды

6-Окт. 2017, Жума, 15:06

Жусуп Баласагын атындагы КУУнин журналистика факультетинде жаңы телестудияда ачылып, пайдаланууга берилди.

"Баласагын ТВ" студиясын жасалгалоо иштери ушул жылдын жаз айларында башталган. Аны "КG Групп" курулуш компаниясынын демөөрчү болуп, студияга ток-шоу программаларын даярдоочу жана алып баруучулук орунду заманбап стилде жасалгалап берди.

Мындан ары дагы аталган компания студенттердин практикалык сабак алуусуна шарт түзүп, айрым студенттерге социалдык стипендияларды берип, студияга техниканы жаңылатуу боюнча да колдоо көрсөтмөкчү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!